Жаңылыктар
Адылбек Касымалиев XXVI Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында “Кыргызстан - Россия” бизнес-диалогун ачты
Кыргызстан жаңылыктары
Адылбек Касымалиев XXVI Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында “Кыргызстан - Россия” бизнес-диалогун ачты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев ардактуу конок катары Санкт-Петербургда (Россия Федерациясы) өтүп жаткан XXVI Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында “Кыргызстан - Россия” бизнес-диалогун ачтыАдылбек Касымалиев өз сөзүндө белгилегендей, “Петербург форуму иш жүргүзүп жаткан бүткүл мезгил ичинде “Россия - Индия”, “Россия - Кытай”, “Россия - БАЭ”, “Россия - Латын Америка” бизнес-диалогдорунун алкагында биринчи жолу “Кыргызстан - Россия” бизнес-диалогу өтүп жатат. Бул кыргыз-орус кызматташтыгы стратегиялык өнөктөштүктүн сапаттык жаңы деңгээлине көтөрүлгөндүгүнүн далили”. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары кыргыз-орус бизнес-диалогу - Петербург форумунун алкагында мындай аянтчаларды түзүүнүн алгачкы башталышы гана экенин, муну менен эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосундагы тыгыз байланыш жана кызматташуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөр түзүлөөрүн белгиледи.

Адылбек Касымалиев бизнес-диалогдун катышуучуларына ырааттуу өнүгүп жаткан кыргыз-орус соода-экономикалык мамилелери тууралуу айтып берди. Ал эки өлкөнүн өкмөттөрү быйылкы жылы өз ара сооданын көбөйүшүн күтүп жатканын жана бул үчүн зарыл болгон аракеттерди көрүп жатканын баса белгиледи.

“Түзүлгөн эки тараптуу экономикалык байланыштар, өз ара ишеним деминде кызматташууну өнүктүрүү үчүн түзүлгөн шарттар, бирдиктүү евразиялык экономикалык мейкиндиктин алкагында көрүлүп жаткан чаралар жана механизмдер өсүү тенденциясын сактап калууга мүмкүндүк берет”, - деди МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары. 

“Биргелешкен күч-аракеттер, бири-бирин толуктап, тажрыйба жана билим алмашуу аркылуу биз болгон экономикалык потенциалыбызды толук ишке ашыра алаарыбызга ишенем. Бизде туруктуу, ачык жана динамикалуу өнүгүү үчүн бардык зарыл  өбөлгөлөр бар. Кыргызстан жаңы форматтарда иштөөгө, Россия менен бардык багыттар боюнча ар тараптуу кызматташууну тереңдетүү үчүн эффективдүү жолдорду жана инструменттерди издөөгө даяр”, - деп жыйынтыктады Адылбек Касымалиев.

Маалымат үчүн: 

“Кыргызстан – Россия” бизнес-диалогу 2023-жылдын 14-июнунан 17-июнуна чейин Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагындагы биринчи иш-чара болду. Иш-чара кыргыз-орус кызматташтыгынын келечектүү багыттарын жана долбоорлорун эксперттик талкуулоого арналды.