Жаңылыктар
Сүт азыктарын экспорттоонун мүмкүнчүлүктөрү
Кыргызстан жаңылыктары
Сүт азыктарын экспорттоонун мүмкүнчүлүктөрү

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү ишканалардын жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда сүттү экспорттоо мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу боюнча жыйын өткөрдү.

Ага катышкан Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарындагы өндүрүүчүлөр мамлекет тарабынан берилүүчү жеңилдетилген насыянын көлөмүн жогорулатуу, ошондой эле сүт азыктарын экспорттоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачуу маселелерин көтөрдү.

Бул багытта Бакыт Төрөбаев “РСК банк” жана “Айыл банк” мамлекеттик банктарынын жетекчилерине сүт тармагынын өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатууга багытталган агроөнөр жай класстеринин алкагында жеңилдетилген насыя менен жеткиликтүү деңгээлде камсыздоону тапшырды. Муну менен катар Ветеринардык кызматтын жетекчисинин ишин сынга алып, дыкат иш алып баруу тапшырмасын берди.

Статистикалык маалыматтар боюнча 2023-жылдын 5 айынын жыйынтыгы менен ЕАЭБ жана башка мамлекеттерге сүт азыктарын экспорттоо өткөн жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көп болгон.