Баткенде үч тараптуу кол коюлган келишимдин алкагында ипотекалык үйлөр курулат.
Маалыматка ылайык, документке Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын, Баткен облустук курулуш жана инженердин инфраструктура башкармалыгынын жана Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын өкүлдөрү кол коюшту.
Келишимдин алкагында 20 үй Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Таш-Дөбө участкасына курулат. Ушундай эле 29 үй Лейлек районунун Кулунду айыл аймагына да курулары пландалууда. Мамлекеттик ипотека 25 жылга 4% менен берилет. Бул үйлөрдү турак жайы жок, муктаж жарандар ала алат. Учурда документтештирүү иштери жүрүүдө. Курулуш иштери ушул жылдын күз айларында башталат, 2024-жылга үйлөрдү пайдаланууга берүү пландалууда.