Жаңылыктар
Казакстанда акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгү
Кыргызстан жаңылыктары
Казакстанда акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгү

Кыргызстандык абитуриенттерге Казакстандын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн 50 орун берилет.

Бул үчүн Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылына карата Казакстандын университеттеринде билим алууну каалаган кыргызстандыктар арасында ачык конкурс жарыялады. Ага ылайык, Казакстан Кыргызстанга стипендиялык программанын алкагында бакалавриат, магистратура жана резидентура программалары боюнча окуу үчүн 50 орун бөлөт.

Конкурстук тандоого катышуу үчүн министрликтин сайтындагы “2023-2024-окуу жылына Казакстан Республикасынын ЖОЖдоруна кабыл алуу” бөлүмүнө катталып, тиешелүү документтерди 22-июнга саат 23:59га чейин жүктөш керек.