Жаңылыктар
Жоэл Кожо Кыргызстан курамасы үчүн ойнойт
Спорт
Жоэл Кожо Кыргызстан курамасы үчүн ойнойт

Өзбекстандык «Динамо» клубунун чабуулчусу Жоэл Кожо ФИФА тараптан Кыргызстан улуттук курама командасы үчүн ойногонго уруксат алды. Бул тууралуу улуттук кураманын менеджери Абаз Торез айтты.

Анын айтымында, улуттук курамада ойноо үчүн жарандык алуу аздык кылат.

«Биз белгилүү бир процедуралардан өтүшүбүз керек болчу. Биз алардан өтүп, түзмө-түз ФИФАдан расмий уруксат алдык», - дейт Абаз Торез.

16-июнда Кыргызстандын курама командасы CAFA Nations Cup турниринин финалына чыгуу үчүн беттеште Иран менен беттешет. Кожо улуттук кураманын негизги тизмесине кирди.

24 жаштагы чабуулчу Өзбекстандын чемпионатында ойноп келет. Буга чейин Оштун «Алай» жана Бишкектин «Дордой» клубдарында ойногон.