Жаңылыктар
Азия чемпионаты (U-23): Алгачкы күнү Кыргызстан алты медаль жеңди
Спорт
Азия чемпионаты (U-23): Алгачкы күнү Кыргызстан алты медаль жеңди

Жаштар арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар 6 медаль утту.

23 жашка чейинкилер арасындагы турнир 15-июнда Бишкекте старт алган. Биринчи күнү грек-рим күрөшү боюнча 7 комплект медаль ойнотулду.

Килем үстүнө Кыргызстандын атынан 7 спортчу чыгып, 6 медаль жеңишти (2 алтын жана 4 күмүш).

60 кг

2-орун - Нурмухаммет Абдуллаев

67 кг

1-орун - Раззак Бейшекеев

72 кг

2-орун - Адилхан Нурланбеков

77 кг

2-орун - Ырыскелди Максатбек уулу

82 кг

1-орун - Асан Жанышов

97 кг

2-орун - Нурманбек Раималы уулу

130 кг

5-орун - Эрлан Манатбеков