Жаңылыктар
Кытайда Эл аралык инвестиция жана соода көргөзмөсү башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кытайда Эл аралык инвестиция жана соода көргөзмөсү башталды

Кытайдын Циндао шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Эл аралык инвестиция жана соода көргөзмөсү башталды, анын алкагында «Кыргызстан» улуттук көргөзмө павильону даярдалды. 

Ага сүт азыктарын, жашылча-жемиш консерваларын, компотторду, кыям, бал чыгаруучу алты ата мекендик ишкана жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү катышууда. Көргөзмөгө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары

Эдил Байсалов катышып, павильо менен таанышты. Иш-чара Кытайдын Эл аралык соода палатасы тарабынан Циндао элдик өкмөтү жана Шандун эл аралык соодасын өнүктүрүү боюнча Кытай комитети менен биргеликте уюштурулууда. Бул көргөзмө 2023-жылдын 18-июнуна чейин уланат.