Жаңылыктар
Борбордо өрт кырсыгы катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Борбордо өрт кырсыгы катталды

Бүгүн, 16-июнда Бишкектеги Садыгалиев көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыкты. 

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда өрттү өчүрүүгө саат 06:54төн тарта жалпысынан 3 күжүрмөн эсеп тартылып, саат сегизде чектөөгө алынган. 

Мындан тышкары, учурда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана райондук электр тармактарынан 1 бригада барып, жеринде кырсыктын себебин тактап, аныктоодо.