Жаңылыктар
Жер көчкү коркунучунан улам 39 жаран коопсуз жайга көчүрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Жер көчкү коркунучунан улам 39 жаран коопсуз жайга көчүрүлдү

Кара-Суу районунун Кожо-Келен айылында жер көчкү коркунучунан улам 39 жаран коопсуз жайга көчүрүлдү.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган айылда эски жер көчкү активдешип, натыйжада көчкү акырындык менен жылып отуруп 5 турак үйгө коркунуч жаралган. Жерине ыкчам түрдө Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары, райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана ӨКМдин мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адиси барып, жер көчкүгө атайын белги орнотулду.

Ошондой эле жер көчкү ӨКМдин аталган департаментинин “АРГИС” программасына киргизилип, активдүүлүгү көзөмөлгө алынды. Белгилей кетсек, жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү жүз миң кубду түзөт. Учурда аймактагы 5 турак үйдүн 39 жашоочусу коопсуз жайга көчүрүлдү.