Жаңылыктар
Кыргызстан - Иран футболдук беттеши өтөт
Спорт
Кыргызстан - Иран футболдук беттеши өтөт

Бүгүн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Борбордук Азия футбол ассоциациясынын турниринин алкагында Кыргызстан менен Ирандын курама командалары беттешет. 

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы оюн учурунда Бишкек гарнизонунун 2 миңге жакын кызматкери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздайт. 

Ички иштер министрлиги жарандарды коомдук тартипти бузбоого жана стадиондун аймагына тыюу салынган буюмдарды алып келбөөгө чакырат.