Жаңылыктар
Капчыгай айылындагы жолдор толук жасалды
Кыргызстан жаңылыктары
Капчыгай айылындагы жолдор толук жасалды

Баткен районундагы Капчыгай айылынын ички жолу толугу менен жасалып, асфальт төшөлдү. 

Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. 

Жаңы курулган тамдардан тышкары айылдын жолу жасалып, көчөлөрүнө жарык коюлду. Белгилей кетсек, Баткендин чек арадагы Капчыгай айылы 2022-жылдын сентябрындагы тажик тараптын куралдуу кол салуусунда катуу жабыркап, тонолуп кеткен. Кечээ Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунда курулуп бүткөн үйлөрдү көрүп чыккан.