Бишкек шаарында 15-июнь күнү 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионаты старт алды.
Турнирдин 2-күнүндө грек-рим жана эркин күрөш боюнча кыздар жана мырзалар арасында 8 комплект медаль ойнотулат.
Кыргызстандын атынан 8 спортчу килем үстүнө чыгат.
Биринчи күнү грек-рим күрөшү боюнча 7 комплект медаль ойнотулуп, Кыргызстан курамасы 2 алтын жана 4 күмүш медалды капчыкка салды.