Жаңылыктар
Миллиондорду уурдаган компанияга иш козголду
Кыргызстан жаңылыктары
Миллиондорду уурдаган компанияга иш козголду

Баткенде үй курам деп миллиондорду уурдаган “Келечек ЛТД” курулуш компаниясы боюнчакылмыш иши тергелүүдө. 

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Баткен шаарынын жашоочулары Баткен 2022-жылдын сентябрь айындагы ТажикстандынКыргызстандын аймагында куралдуу кол салуусунда талкаланган курулуштарды калыбынакелтирүү үчүн тартылган “Келечек ЛТД” курулуш компаниясына мыйзамдуу чара көрүпберүүнү өтүнүшкөн. Анткени аталган компания жалпы 5 млн 347 миң 330 сомдуккурулуш материалдарын алып, акчасын бербей койгон. 

Бул факты боюнча"Алдамчылык" беренеси менен иш козголгон. Тергөө учурунда “КелечекЛТДнын” жооптуу өкүлү шектүү катары суракка алынып, камакка алынды. Ал эмиэкинчи шектүү боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Учурда аталган кылмыш ишининалкагында келтирилген чыгымдарды өндүрүү жана мыйзам чегинде тергөө боюнчатиешелүү ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.