Жаңылыктар
Кара-Кулжа районунун тургуну диний-экстремисттик уюмдун мүчөлүгүнөн баш тартты
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Кулжа районунун тургуну диний-экстремисттик уюмдун мүчөлүгүнөн баш тартты

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун тургуну диний-экстремисттик уюмдун мүчөлүгүнөн баш тартты.

УКМКнын кызматкерлери “Йакын-Инкар” диний уюмунун тарапташы, Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл аймагынын тургуну менен профилактикалык сүйлөшүү өткөрүп, аталган кыймылдын Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө сот тарабынан тыюу салынгандыгы жана ага ылайык мыйзам чегинде жоопкерчилик каралгандыгы түшүндүрүлдү.

Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында өзү тандап алган диний багытынын туура эместигин түшүнүп, экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды “Йакын-Инкар” уюмунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.