Жаңылыктар
Сокулукта жерди мыйзамсыз каттагандар кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Сокулукта жерди мыйзамсыз каттагандар кармалды

Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл аймагынын турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн адиси жана аталган айылдын тургуну кармалды. 

Кармалгандар «документтерди жасоо», «алдамчылык» беренелери боюнча шектелүүдө. 

УКМКнын маалыматы боюнча, алар документтерди жасап, жалпы аянты 13 гектардан ашык айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамсыз каттап алышканы аныкталган, муну менен мамлекетке 7 млн сом зыян келген. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Козголгон кылмыш ишинин алкагында башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.