Жаңылыктар
Бишкекте 150 млн долларга фармзавод салынат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте 150 млн долларга фармзавод салынат

Бишкекте 150 млн долларга фармзавод жана биолаборатория курулат. 

Миңден ашык жумуш орду түзүлмөкчү. Кечээ күнү Министрлер кабинети менен чет өлкөлүк компания ортосунда ири инвестициялык келишимге кол коюлду. 

Салына турган заводдо инсулин жана башка дары-дармектер чыгарылат. Муну менен Кыргызстан кант диабети менен жабыркагандарга сырттан инсулин импорттобой калат. 

Учурда аталган дарыны өлкө боюнча 29 миңдей жаран күн сайын колдонот.