Жаңылыктар
Садыр Жапаров Кыргызстан менен Ирандын курамаларынын футбол беттешине барды
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Кыргызстан менен Ирандын курамаларынын футбол беттешине барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-июнда, баш калаанын Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өткөн Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын улуттук курама командаларынын ортосундагы футболдук беттешине барды.Беттеш Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) эл аралык турниринин алкагында өттү.

Кыргызстандын футбол курама командасы Иранга 1:5 эсебинде утулуп калды.

Эми аталган эл аралык турнирдин алкагында биздин улуттук курама команда Ташкентте 3-орун үчүн 20-июнда күрөшөт.