Жаңылыктар
Күйүүчү майды мыйзамсыз сатуу
Кыргызстан жаңылыктары
Күйүүчү майды мыйзамсыз сатуу

Күйүүчү майды мыйзамсыз жүгүрткөн факты аныкталды. Ал Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан май куюучу жайда жүргүзүлүп келген. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады. Анда дизель майын ташыган жүк ташуучу цистернасындагы салык органы койгон контролдук пломбалардын бузуу фактысы аныкталган. Күйүүчү майга тиешелүү документтер да болгон эмес. Жалпы көлөмү 51 миң 893 литр күйүүчү май алынды. Учурда аталган факты боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.