Жаңылыктар
Таза сууну үнөмдүү пайдаланалы
Кыргызстан жаңылыктары
Таза сууну үнөмдүү пайдаланалы

Таза сууну сарамжалдуу пайдалануу жана бак-дарактарды күндүз сугаруу боюнча рейд учурунда “Бишкексууканал” башкрмалыгы Бишкектеги 49 миңге жакын үйгө барды. Анда 302 эреже бузуу аныкталган. Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, суу өлчөгүчтөрү жок үй ээлеринин ар бирине 8 миң 231 сом өлчөмүндө айып салынды. Эскерте кетсек, «Бишкексууканал» ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдалануу боюнча күн сайын рейддерди жүргүзүүдө. Бул сезондук көйгөй жеке сектордун жашоочулары чарбасын, жеке участокторун сугарып, бассейндерди жана башка сыйымдуулуктарды толтуруудан улам келип чыгууда»,-деп жазылат маалыматта.