Жаңылыктар
Туристтер үчүн 20 миң буклет даярдалды
Кыргызстан жаңылыктары
Туристтер үчүн 20 миң буклет даярдалды

Туристтер үчүн эскертме буклеттери даярдалды Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, буклеттер туристтик мезгил учурунда чет өлкөдөн келген коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу максатында даярдалды. 

Алар «Манас» эл аралык аэропортунан, аймактардагы авто бекетерден жана чек араларлардагы көзөмөл посттору аркылуу Кыргызстандын аймагына келген туристтерге жана конокторго таратылууда.  Эскертме буклетинде коопсуздук тармагында жол кыймылынын эрежелери, ага салынган айыппулдары жана тийиштүү кызматтардын ыкчам номерлери көрсөтүлгөн. 

Эскерте кетсек, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын туристтик ротасы чет тилдерди билген офицердик курамдан түзүлүп, коопсуздуктан сырткары багыт берүү, жол көрсөтүү которуп берүү өңдүү сервердик кызматтарды да аткарышат.