Жаңылыктар
Кыргызстандын футболчулары коло байге үчүн омандыктар менен ойнойт
Спорт
Кыргызстандын футболчулары коло байге үчүн омандыктар менен ойнойт

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы борбор азиялык CAFA Nations Cup-2023 турниринин алкагында 3-орун үчүн Оманга каршы ойной турган болду. Бул тууралуу эл аралык мелдештин «A» тайпасынын жыйынтыктоочу оюнунда белгилүү болгондугун Кыргыз футбол союзунан кабарлашты. 

Белгилей кетсек, «Ак шумкарлар» эл аралык мелдеште «В» тайпасында Афганистан жана Иранга каршы оюн өткөрдү. Алгач Афганистандын курамасын 1:0 эсебинде утса, Иранга каршы оюнда 1:5 эсебинде утулуп калды. 

Эки оюн тең Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Кошумчалай кетсек, 2024-жылдын январь айында старт ала турган Азия Кубогунда Оман курамасы Кыргызстандын тайпа боюнча атаандашы.