Кечээ, 18-июнь күнү Кызыл-Кыя шаарында Баткен облусунан ажылыкка сапар алган жарандарды узатуу иш чарасы болуп өттү. Аталган иш чарага КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев да катышты.
Облус башчысы Абдикарим Алимбаев болочок ажыларга өлкө башчысы Садыр Жапаровдун каалоо тилектерин жеткирип, болочок ажыларга сак саламаттык жана ак жол каалады.
Болочок ажылар, ажылыкка узатуу иш чарасын жогорку деңгээлде уюштуруп,өзгөчө көңүл буруп,колдоо көрсөткөн облус жетекчилигине ыраазычылыктарын билдиришип, мындай жылуу мамиле аларга дем-күч берээрин белгилешти.
Ажылыкка сапар алган Баткен облусунун тургундары "Ош" эл аралык аэропортунан Ош-Жидда багыты боюнча Сауд Арабиясынын Жидда шаарына учушат. Бул жылы Баткен облусунан 700 адам ажылык сапарына аттанды. Аларды 17 ажы башчы коштоп барат.