Жаңылыктар
Кыргызстанда Курман айт майрамы 28-июнда белгиленет
Дин
Кыргызстанда Курман айт майрамы 28-июнда белгиленет

Ушул жылдагы Курман айт майрамы 28-июнда белгиленет. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

"19-июнь Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан, 27-июнь — арапа күнү, 28-июнь — Курман айт", — деп айтылган маалыматта. Курман айт майрамы - Ислам дининдеги эң улуу майрамдардын бири. 

Ал Орозо айт майрамынан 70 күндөн кийин белгиленет. Анда курмандыкка мал союлуп, муктаждарга таратылат.