Жаңылыктар
Бишкек шаарында күрөш боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды
Спорт
Бишкек шаарында күрөш боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды

Бишкек шаарында күрөш боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, турнирде Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы 2 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медалга ээ болуп, жалпы эсепте 168 упай менен 2-орунду ээледи. 175 упай менен Казакстан 1-орунду, 145 упай менен Индия 3-орунду ээледи.

Белгиленгендей, 23 жашка чейинкилер арасында Кыргызстандан 10 салмак категорияда жалпы 10 балбан күч сынашкан.

Белгилей кетсек, эркин күрөшү боюнча курама команда улук машыктыруучу Руслан Маджинов жана башкы машыктыруучу Ислам Тазабековдун жетекчилиги алдынды мелдешке катышышты.

Эске салсак, 10-18-июнь аралыгында Бишкекте 17 жана 23 жашка чейинки спортчулар арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты өттү. Азия чемпионаты 17 жана 23 жашка чейинки спортчулар арасында Дүйнө чемпиондугуна тандоо туру болмокчу. 17 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпионаты 31-июлдан 6-августка чейин Стамбулда, ал эми 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө биринчилиги 23-29-октябрда Финляндиянын Тампере шаарында өтөт.