Жаңылыктар
Ысык-Көлдө жээктеги тосмолор алынууда
Кыргызстан жаңылыктары
 Ысык-Көлдө жээктеги тосмолор алынууда

Ысык-Көлдө жээктеги тосмолор алынууда. Мындай иштер облустун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу максатында аткарылууда. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 

Белгилей кетсек, президент былтыр 13-майда "Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” жарлыкка өзгөртүүлөрдү киргизген. 

Өзгөртүүлөрдө Ысык-Көлдүн пляж аймактарына жарандардын эркин кирүүсүнө тоскоол болгон пляж аймактарында жайгашкан тосмолорду демонтаждоо каралган, ошондой эле аларды мындан ары курууга тыюу салынат.