Жаңылыктар
Ош: кооптуу аймактан көчүрүлгөндөргө чатыр берилди
Өзгөчө кырдаал
Ош: кооптуу аймактан көчүрүлгөндөргө чатыр берилди

Кара-Суу районунун Кожо-Келең айылында жер көчкү кооптуулугу бар аймактан көчүрүлгөндөр чатыр менен камсыз болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Папан айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде 16-июнда ӨКМ тарабынан 10 орундуу 6 даана чатыр бөлүнүп берилип, коопсуз жерге орнотутуп берилди. 

Мындан тышкары, Улуттук Кызыл Ай коому тарабынан ар бир үй-бүлөгө күнүмдүк керектелүүчү эмеректер жеткирилген. Эскерте кетсек, 15-июнда аталган айылда эски жер көчкү жылып жаткынына байланыштуу көчку алдында калуу коркунучу бар 5 турак үйдөн 39 жаран коопсуз жайга эвакуацияланган. Жер көчкү кайрадан активдешип, жер кыртышы 12-13 метрге чейин отура баштаган. Көчкүнүн болжолдуу көлөмү 100 000 м3 түзүүдө.