Жаңылыктар
Кыргызстандын Германиядагы Элчилиги 2023-жылкы Атайын Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын Германиядагы Элчилиги 2023-жылкы Атайын Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты

2023-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилигинин кызматкерлери Германиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана активисттери менен биргеликте Берлиндеги Олимпиада стадионунда өткөн 2023-жылкы Атайын Олимпиада оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышышты.

Бул масштабдуу спорттук иш-чарага Кыргыз Республикасынан 9 адамдан турган курама команда келди, анын ичинен 6 атлет. Бул таланттуу спортчулар Кыргызстандын атынан бадминтон, пауэрлифтинг жана стол тенниси сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча катышат.

Маалымат үчүн: 2023-жылкы Атайын Олимпиада оюндары Германиядагы 1972-жылкы Мюнхен Олимпиадасынан берки эң ири спорттук иш-чара болуп саналат. 18-25-июнь күндөрү дүйнөнүн 190 өлкөсүнөн келген миңдеген интеллектуалдык жана көп майыптыгы бар спортчулар спорттун 26 түрү боюнча күч сынашат.

Берлинде өтүп жаткан Дүйнөлүк Атайын Олимпиада оюндарынын урааны - #ZusammenUnschlagbar #UnbeatableTogether #Биргебизжеңилбеспиз. Бул спорттун бириктирүүчү күчү аркылуу инклюзивдик коомду түзүү идеясын билдирүүгө багытталган.