Жаңылыктар
Бишкекте ысык суу 22-июндан тарта бериле баштайт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте ысык суу 22-июндан тарта бериле баштайт

Бишкекте ысык суу 22-июндан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы билдирди.

Эскерте кетсек, ысык суу жыл сайын бир айга өчүрүлүп, бул аралыкта күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери жүрөт.

"Жылуулук тармагынын профилактикалык оңдоо жумуштары бүтүп, күз-кыш жылуулук берүү мезгилине даярдануу мезгилинин чегинде жылуулук тармагынын тыгыздыгын жана бышыктыгын гидравликалык текшерүүдөн өткөргөн соң “Бишкек жылуулук тармагы” 2023-жылдын 22-июнунан баштап магистралдык жана андан тараган жылуулук тармагын ысык суу менен толтура баштайт. Ысык суу берүү 2023-жылдын 22-июнунан баштап бериле баштайт", — деп айтылат маалыматта. 

Ишкана элден крандарды текшерип, суу ысыткан жабдууларды өчүрүүнү өтүнүүдө. Эгер кандайдыр бир суроолор жаралса, керектөөчүлөрдү колдоо борборуна чалып, байланышуу зарылдыгы эскертилет.