Жаңылыктар
Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы коррупциялык схемага тиешеси бар адамдар өлкөдөн чыгууга аракет кылышкан
Кыргызстан жаңылыктары
Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы коррупциялык схемага тиешеси бар адамдар өлкөдөн чыгууга аракет кылышкан

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы коррупциялык схемага тиешеси бар адамдар кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин мурдагы орун басары жана министрликтин Чүй облустук башкармалыгынын азыркы директору кармалды.

Кылмыш иши Коррупция боюнча «Кумтөр Голд Компани» ишканасы тарабынан жаратылышты коргоо долбоорлоруна бөлүнгөн каражаттарды максатсыз пайдалануу, коррупциялык схеманы уюштургандыгы боюнча, министрликтин кызмат адамдарына жана «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» коомдук фондунун жооптуу кызматкерлерине карата козголгон. 

15-июнда долбоорлорду кароо жана аларды бюджеттен каржылоо боюнча эксперттик комиссиянын туруктуу мүчөсү «Ак-Жол автодорожный» текшерип өткөрүү пунктунан өлкөдөн чыгууга аракет кылуу учурунда кармалды. 

Мындан сырткары, 18-июнда анын милдеттерине долбоорлорду тандоо жана комиссиянын кароосуна коюу функциялары кирген эксперттик комиссиянын катчысы «Манас» эл аралык аэропортунан кармалды. Аталган адамдар, комиссиянын мүчөлөрү акча каражаттарын бөлүштүрүүдө мамлекеттин кызыкчылыгына каршы жеке долбоорлорду алардын жеке кызыкчылыгы болгон жерде киргизип турушкан, натыйжада аффилирленген чарба жүргүзүүчү субъекттерге өзгөчө ири өлчөмдөгү бюджеттик каражаттар мыйзамсыз бөлүнгөн жана эсептен чыгарылган. 

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул ишке башка тиешеси бар адамдарды, ошондой эле келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.