Жаңылыктар
Екатеринбург - Ысык-Көл аба каттамы аткарылып баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Екатеринбург - Ысык-Көл аба каттамы аткарылып баштады

"Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда күн мурун Екатеринбург-Ысык-Көл-Екатеринбург багыты боюнча биринчи каттамды суу аркасы менен салтанаттуу тосуп алынды. 

"Манас" аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, орусиялык "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы бул каттам боюнча жумасына 2 жолу - дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү үзгүлтүксүз каттам аткарууну максат кылууда. Биринчи каттам менен Екатеринбургдан 82 жүргүнчү учуп келип, Ысык-Көлдөн 62 жүргүнчү учуп кетти.

"Манас" аэропорту аталган каттамга байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.