Жаңылыктар
Бүткүл дүйнөлүк эпос айтуучулардын биринчи форуму башталды
Маданият
Бүткүл дүйнөлүк эпос айтуучулардын биринчи форуму башталды

15-июнда Бишкек шаарында Бүткүл дүйнөлүк эпос айтуучулардын биринчи форуму башталды. Форумдун максаты - айтуучуларга тиешелүү болгон бүгүнкү күндөгү маселелерди ортого салып, талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүү жана айтуучунун азыркы коомдогу ордун, ролун аныктоо. Ошону менен бирге, дүйнө элдеринин эпос айтуучулары менен эпос таануучуларынын башын бириктирип эл аралык уюм түзүү.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов өз сөзүндө “Манас” эпосу кыргыз элинин көөнөрбөс кенчи, казынасы экендигин белгилеп, аны дүйнө элине таанытууда, тааныштырууда аталган форумдун орду чоң экендигин билдирди.

“Улуттун уңгусу, уюткусу болгон “Манас” эпосун кандай аянтча, кандай ыкма менен болбосун, бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен дүйнөгө таанытышыбыз зарыл”.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев: Кыргыз улутунун тили менен маданияты кылым карыткан улуу “Манас” эпосунда, ал эми манасчылар улуттун өзөгүн кармап турган – кыргыз өнөрүнүн башаты” – экендигин айтты.

Иш-чаранын расмий ачылышына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Арун Кумар Чаттерджи, Монголиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ганхуяг Содном, Россия Федерациясынын, Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү, ошондой эле алтай, башкыр, бурят, монгол, өзбек, тува, хакас жана якут элдеринин эпос айтуучулары, эпос таануучулары, кыргыз манасчылары, маданият ишмерлери, акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер катышышты.

Иш-чара эркин жана диалог форматында өтүп, эпос айтуучулардын азыркы коомдогу орду, ролу жана келечеги талкууга алынды. Аталган форум 18- июнга чейин Бишкек шаары жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айылында уланат.