Жаңылыктар
Улуттук тарых музейинде “Эпикалык мейкиндикке саякат” аттуу маданий иш-чара болуп өттү
Маданият
Улуттук тарых музейинде “Эпикалык мейкиндикке саякат” аттуу маданий иш-чара болуп өттү

“Бүткүл дүйнөлүк эпос айтуучулардын биринчи форумунун” алкагында Улуттук тарых музейинде “Эпикалык мейкиндикке саякат” аттуу маданий иш-чара болуп өттү. 

Иш-чарага коомдук ишмерлер, илимпоздор, манас таануучулар жана айтуучулук өнөргө кызыккан жарандар катышты. Анда кыргыз, алтай, башкыр, бурят, монгол, өзбек, тува, хакас жана якут элдеринин эпос айтуучулары жалпы калайыкка, кыргыз көрөрмандарга керемет өнөрлөрүн тартуулап, кызыккан суроолоруна жооп берди. 

Мындан соң форумдун катышуучулары Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылына сапар алышат.