Жаңылыктар
Ала-Арча дарыясынын жээги тазаланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ала-Арча дарыясынын жээги тазаланууда

"Бишкексуучарба" муниципалдык ишканасы Ала-Арча дарыясынын жээгин тазалоо иштерин жүргүзүүдө. 

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, тазалоо иштери Малдыбаев көчөсүн бойлой Скрябин көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин жүргүзүлүүдө. Аталган тилкеде дарыянын жээгинде куурап калган бадалдарды жана бак-дарактарды кыюу, камыштарды жана башка отоо чөптөрдү чабуу иштери аткарылууда. "Мындай тазалоо иштер 10 жылдан бери биринчи жолу жүргүзүлүп жатат", - деп белгилешти мэриядан. 

Тазалоо иштеринен соң Ала-Арча дарыясынын жээги көрктөндүрүлөт. Мэрия шаардыктарды каналдарга жана коллектордук-дренаждык тармактарга таштанды таштабоону, шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону суранат.