Жаңылыктар
Эртең Германиянын Федералдык Президенти келет
Кыргызстан жаңылыктары
Эртең Германиянын Федералдык Президенти келет

Германиянын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин Кыргызстанга боло турган расмий сапарынын алкагында инвестиция тартуу жаатында бир топ сүйлөшүүлөр өткөрүлөт. 

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин кызматкерлери бул үчүн атайын аянтча даярдалганын билдиришти. 

Белгилей кетсек, Германиянын жетекчисин ондогон ири компаниянын өкүлдөрү коштоп келери күтүлүүдө. Ал арада эки өлкө ортосундагы товар айлантуу былтыр 2 эсеге өскөнү да белгиленди.