Жаңылыктар
Германиянын президенти расмий сапар менен келет
Кыргызстан жаңылыктары
Германиянын президенти расмий сапар менен келет

Бүгүн өлкөгө расмий сапар менен Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер келет. 

Сапар учурунда милиция коомдук коопсуздукту камсыздайт. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, милиция иш сапар учурунда мыйзамдуулукту жана укук тартибин тийиштүү деңгээлде камсыздоо боюнча чараларды көрүп жатат. "Учурда коопсуздукту жана коомдук тартипти талаптагыдай камсыздоо максатында ыкчам штаб түзүлүп, ички иштер органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын эсептөө иштери жүргүзүлүп, ага ылайык 2 миң милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылат. Расмий иш-чаралар учурунда милиция коопсуздукту жана коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун толук камсыздайт. 

Ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөйт", - деп айтылат маалыматта. Белгиленгендей, расмий жана салтанаттуу иш-чаралар өтө турган жерлер өзгөчө көзөмөлгө алынат. Бул иш-чаралар учурунда жолдун айрым тилкелеринде унаалардын кыймылына чектөө киргизилет. ИИМ ушуга байланыштуу жарандардан көрүлгөн чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.