Жаңылыктар
Садыр акенин 200, Кыдыр акенин 180 жылдыгы белгиленет
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр акенин 200, Кыдыр акенин 180 жылдыгы белгиленет

1-июлда Ысык-Көлдө Жолболду уулу Садыр акенин 200 жана Байсары уулу Кыдыр акенин 180 жылдыгы белгиленет. 

Мааракенин алкагында "Улут баскан улуу жол" аттуу этнофестиваль өтө турганын президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү кабарлады. Иш-чарада Касымалы Жантөшев атындагы облустук музыкалык драма театрында кыргыз-казак акындарынын эл аралык айтышы, "Хан боз үйлөр жана каада-салт" сынагы өтүп, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери жана шырдак дүйнөсү, этномода көрсөтүлөт. Так теке, салттуу музыка жаңырып, элдик көчө театры жана "Шайыр апалар" тобу өнөрүн тартуулайт.

"Этнофестивалды кыргыз эстрада жылдыздары коштойт, гала-концерт саат 20:00дө башталат", — деп айтылат маалыматта.