Жаңылыктар
Сүйүнбек Касмамбетов Шахин Мустафаев менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Сүйүнбек Касмамбетов Шахин Мустафаев менен жолукту

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Эл аралык Түрк академиясынын Президенти ШахинМустафаев менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Түрк дүйнөсүнүн илимжаатындагы кызматташтык маселелери талкууланды. Шахин Мустафаев Түркакадемиясынын ишмердүүлүгү, анын ичинде Кыргызстанга байланыштуу иш-чараларменен илимий долбоорлор тууралуу маалымат берди. 

Атап өтсөк, 19-26-июнь күндөрүБишкекте өтүп жаткан жана онго жакын мамлекеттен отуздай жаш окумуштуу катышканЖаш түркологдордун жайкы мектебине токтолду. Өз кезегинде Мамлекеттик катчыСүйүнбек Касмамбетов Эл аралык Түрк академиясынын жасаган иштери менен жакынданкабардар экендигин белгилеп, мындан аркы иштерине керектүү көмөк бере турганынкошумчалады. 

Жолугушууда Шахин Мустафаев Сүйүнбек Касмамбетовго Эл аралык Түрк академиясы тарабынан жарыяланган Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы “Манас”эпосунун китебин тартуулады.