Жаңылыктар
Кыргызстанда 54 бүтүрүүчү "Алтын сертификатка" ээ болду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда 54 бүтүрүүчү "Алтын сертификатка" ээ болду

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен Кыргызстанда 54 бүтүрүүчү "Алтын сертификатка" ээ болду. 

Маалымат Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракееванын билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаевага 2023-жылы ЖРТдан эң жогорку упай топтогон окуучулардын тизмесин тапшырып жатканда белгилүү болду. 

Ведомстводон билдиришкендей, тизмеге ылайык Бишкек шаарынан – 39, Ош шаарынан жана Ош облусунан – 4, Чүй облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 2, Нарын облусунан – 2, Баткен облусунан – 2, Талас облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 1 окуучу "Алтын сертификат" алат. 

Быйылкы жылдагы тестирлөөдө эң жогорку балл - 236 упай болгон. Анын биринчи Ош шаарынан Кызжибек Жээнбекова алса, Бишкектен Нурсейит Төрөбаев ээ болгон.