Жаңылыктар
Футзал боюнча 2024 Азия кубогунун тандап алуу оюндарына чүчүкулак тартылат
Спорт
Футзал боюнча 2024 Азия кубогунун тандап алуу оюндарына чүчүкулак тартылат

Футзал боюнча 2024-жылкы Азия Кубогунун тандап алуу оюндарына чүчүкулак тартуу аземи 22-июнь күнү саат 13:00 өтөт.

Эске салсак, Кыргызстан аталган турнирдин бир тайпасынын оюндарын кабыл алат. Турнир 7-11 октябрь күндөрү Бишкекте өтөт.

Чүчүкулак тартуунун жыйынтыгы боюнча 8 тайпа түзүлөт. 2024-жылда өтө турчу Азия биринчилигинин финалдык этабына тайпаны сап башын ээлеген 8 команда жана экинчи орундарын ээлеген 7 мыкты командалар жолдомо алат. Баары болуп турнирге континенттин 16 командасы катышат.