Жаңылыктар
Убактылуу кармоочу жайдын кызматкери кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Убактылуу кармоочу жайдын кызматкери кармалды

Сокулук райондук милициясынын Убактылуу кармоочу жайынын кызматкери кармалды. 

Бул туурасында УКМКдан билдиришти. Маалыматта айтылгандай, Кылмыш-жаза кодексинин Пара алуу беренеси боюнча Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн коштоо тобунун кызматкери, ошондой эле эки жаран кармалды. 

Факты боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында 19-июнда милиция кызматкери Бишкек шаарынын Тергөө камак жайынына камакка алынган жаранды Сокулук райондук сотуна соттук териштирүүгө катышууга алып чыгып, кайра кайтып келе жаткан учурда, кармалган кишинин аялынан акча алып, Соттук отурумдан кийин Сокулук районунун аймагында жайгашкан мейманканалардын биринде күйөөсү менен жолугуштурган жеринен кармалышкан. 

Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Сокулук РИИБнин кызматкери УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.