Эми өлкөдөгү ички жолдорду салууда жаңы техникалар колдонулат. Учурда, муктаждыкка жараша жаңы унаалар – самосвалдар, грейдерлер, бетон аралаштырган, жүк ташыган машиналар жол тейлөө ишканаларына бөлүштүрүлүүдө.
Эскилиги жеткен техникалар жаңырып жатканына жолчулар да кубанышууда.