Жаңылыктар
Көл жээгиндеги тосмолор алынууда
Кыргызстан жаңылыктары
Көл жээгиндеги тосмолор алынууда

Ысык-Көлдүн пляж аймактарындагы металл зым торлор демонтаждалып, мындан ары эми көлдүн жээги ачык болот. Буга чейин Ысык-Көлдөгү санаторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү ар кандай тосмолорду орнотуу аркылуу калктуу конуштардын тургундарынын пляж аймагына кирүү укугун чектеп келгендиктен, өлкө башчысынын атайын жарлыгы чыккан. 

Жакында эле бул жарлыкка дагы өзгөртүүлөр киргизилип, мыйзамсыз курулуштарга тыюу салынган.