Жаңылыктар
Германиянын Федералдык Президенти Кыргызстанга расмий сапар менен келди
Саясат
Германиянын  Федералдык Президенти Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан жогорку даражалуу мейманды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.

Иш сапардын алкагында Германиянын Федералдык Президенти Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен жолугат, анда тараптарды өз ара кызыктырган кыргыз-герман өнөктөштүгүн чыңдоо жана мындан ары тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.