Жаңылыктар
Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине батир берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине батир берилди

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери үчүн Бишкек шаарында курулган көп кабаттуу үйлөр колдонууга берилди. Иш-чарага бүгүн Президент Алмазбек Атамбаев катышып, милиция кызматкерлерине батирлердин ачкычы салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Президент өз сөзүндө күч органдарынын кызматкерлерине кам көрүүгө акыркы жылдары өзгөчө көңүл бөлүнүп, батирлер былтыр Баткен жана Ош облустарында берилгенин белгиледи. 

Мындан ары да турак-жай менен камсыз кылуу улантыларын убада кылып, милиция мурдагыдай бийликтердин саясий куралына айланбай, өздөрүнүн так милдеттерин аткарууга өттү дейт. Бишкектин Ленин районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу былтыр ноябрь айында башталган. 

Ага мамлекеттен жалпы 438 миллион сом бөлүнгөн. Үйлөрдүн бири 72, экинчиси 81, үчүнчүсү 54 батирлүү. Бүгүн жалпысынан 207 милиция кызматкери үй алышты. Аны менен бирге өлкө башчы балдар аянтчасына керектүү жабдыктарды сатып алуу үчүн Ички иштер министрлигине 300 миң сомдук сертификат тапшырды.