"Кыргызстан "жашыл" суутекти өндүрүү жана пайдалануу жаатында Германия менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар", - деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-июнда, Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, билдирди.Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасы өзүнүн өнүгүү жолунда дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү сыяктуу эле, негизинен жаратылыш ресурстарын интенсивдүү пайдалануунун эсебинен экономикалык өсүшкө жетишүүгө багыт алып келгенин белгиледи. Мындай мамиле экосистемага терс таасирин тийгизип, натыйжасыздыгын көрсөттү.
Садыр Жапаров 2050-жылга чейин Кыргызстан "жашыл" өнүгүү платформасында көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кыларын баса белгиледи. Бул көмүртексиз саясаттын локомотиви кайра жаралуучу энергия, биринчи кезекте гидроэнергетика болмокчу. Кыргызстанда күндүн жана шамалдын энергиясын пайдалануу үчүн зор потенциал бар.
Президент бүгүн германиялык делегациянын курамында гидро - жана күн энергетикасы тармагында иш жүргүзгөн компаниялардын жетекчилери бар экенин айтып, Кыргызстан алар менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Мындан тышкары, Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалын эске алуу менен Президент Кыргызстандын "жашыл" суутекти иштеп чыгуу жана пайдалануу чөйрөсүндө Германия менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи. "Жашыл" суутек - келечектин энергиясы деп аталып, өнөр жай жана транспорт сыяктуу маанилүү тармактарда экономиканы "жашылдандырууга" өбөлгө түзөрү белгилүү.Садыр Жапаров 2023-жылдын башында Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызын "жашыл экономика" чөйрөсүндөгү долбоорлорго конверсия механизмин колдонуу менен реструктуризациялоо демилгеси көтөрүлгөнүн эске салды. Кыргызстан бул маселеде Германиянын колдоосуна үмүт артат. Ошондой эле ал Германия тараптын "Жашыл Борбордук Азия" демилгесин натыйжалуу ишке ашырууга өлкө кызыкдар экендигин белгиледи, ал биздин региондо климаттын глобалдык өзгөрүүсүн эске алуу менен "жашыл экономиканы" өнүктүрүүгө жана коопсуздукту камсыздоого реалдуу салым кошууга багытталган.