Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Германиянын ишкерлерин кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Германиянын ишкерлерин кабыл алды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Германиянын Экономика жана климатты коргоо боюнча федералдык министрлигинин статс-катчысы Удо Филипп башында турган делегация менен жолукту. 

Анда эки өлкө ортосундагы 30 жылдык дипломатиялык мамилелердин алкагында кыргыз-герман кызматташтыгы динамикалуу өнүгүп жатканы айтылды. 

Былтыр эки тараптуу мамилелердин тарыхында биринчи жолу кыргыз-герман ишкер кеңеши түзүлгөн. Менеджментти даярдоо программасынын алкагында Кыргызстандын ишкерлери Германиянын ишканаларында окуудан өтүп, Ханнс Зайдель фонду Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кадрларды даярдоодогу кошкон салымы зор. Герман ишкерлери тоо туризми, энергетика, курулуш, логистика тармактарында инвестиция салууга кызыкдар экенин билдирди. 

Жолугушууда Акылбек Жапаров инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө сөз кылып, Кыргызстандын энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу тармагында потенциалы жогору экендигин белгиледи.