Жаңылыктар
Германиялык ишкерлерди кызыктырган долбоорлор
Кыргызстан жаңылыктары
Германиялык ишкерлерди кызыктырган долбоорлор

Германиянын президенти менен кошо 10 ири компания өкүлдөрү келишти. 

Арасында гидроэнергетика, логистика, айыл чарба жана курулуш тармагына кызыккан ишкерлер бар. Аларга Кыргызстанда чет элдик инвесторлор үчүн түзүлгөн инвестициялык климат боюнча маалымат айтылды. Улуттук инвестиция агенттиги германиялык ишкерлерге туризм, энергетика, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү сектору сыяктуу бир катар конкреттүү долбоорлор боюнча сунуштарды берди. Немец компаниялары ГЭС куруу жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууда логистика багытына кызыгуусун билдирди.