Жаңылыктар
Токтогулдагы “Өйүш-Булак” эс алуучу лагери жаш өспүрүмдөргө эшигин ачты
Кыргызстан жаңылыктары
Токтогулдагы “Өйүш-Булак” эс алуучу лагери жаш өспүрүмдөргө эшигин ачты

Токтогул районундагы Чычкан капчыгайында жайгашкан “Өйүш-Булак” эс алуучу лагеринин жайкы сезонго карата өз ишин баштады. Ачылышына райондук мамлекеттик администрация башчысы Акылбек Тюкебаев жана башка тийешелүү жетекчилер катышты.

Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, балдар чыгармачылык үйүнүн талантуу кыздарынын коштоосунда жана лагерге келген талантуу балдардын ыр-бийлери менен уланды.

Лагердин 1-агымына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинен каржыланып айыл-аймактардан социалдык аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн 60 бала эс алууга келишти.Аталган лагерь союз тарагандан бери бир нукта иш алып бара албай, ортодо жабылып да турган. Эки жылдан бери тынымсыз иш алып барууда. Аталган лагерь быйыл Билим берүү министрлигинин балансына өттү. Былтыркы жылдын эсебинен райондун аймагынан 300гө жакын бала эс алды. Каржылоо булагы жергиликтүү бюджет, айыл өкмөттөрү, профсоюз уюмдары жана жеке демөөрчүлөр. Бир поток 65 балага эсептелген. 

Эс алуу убактысы 10 күн. 7 жаштан 16 жашка чейин балдар эс алса болот. 8 кызматкер жана 1 медицина, 1 укук коргоо кызматкери иш алып барат. Лагердин иш-планына ылайык балдарды эмгекке тарбиялоо ,спорттук оюндар, маданий-массалык иш-чаралар, бассейн, экскурсия жана кечкисин дискотека уюштурулат. 3 маал ысык тамак, 1 маал жеңил тамак берилет. Эс алуучу жай шаардан 30 км алыстыкта жайгашкандыктан, шаар ичинен транспорт маселеси да уюштурулуп МАИ кызматкерлердин коштоосунда жеткирилет.