Жаңылыктар
УТРК Европанын алдыңкы телеканалдары менен кызматташат
Кыргызстан жаңылыктары
УТРК Европанын алдыңкы телеканалдары менен кызматташат

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Башкы директору Болотбек Тиллебаев Германияга болгон иш сапарынын алкагында RTL (Radio Télévisioun Lëtzebuerg, Люксембург телерадиосу) эл аралык медиа корпорациясынын жетекчилиги менен жолугушту. Аталган медиа мекеменин заманбап телестудияларын кыдырып, техникалык жабдуусу менен таанышты.

Башкы директор Болотбек Тиллебаев RTL корпорациясынын жаңылыктар, аналитикалык, көңүл ачуучу, спорттук берүүлөр обого кеткен студияларын кыдырды. Режиссёр адистердин, үн режиссёрлордун, жарык берүүчүлөрдүн ишин көрдү. Аппараттык башкаруу пульттарынын иштөөсү,  корпорациянын техникалык мүмкүнчүлүктөрү менен жакындан таанышты. Бул медиа уюм эл аралык деңгээлде иш жүргүзгөндүктөн алар менен тажрыйба алмашуу маселеси да каралды. УТРКнын кызматкерлерин Германияга жиберип, бул жактын адистерин УТРКга алып келип кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо тууралуу макулдашылды.

Белгилей кетсек, RTL эл аралык медиа корпорациясы 1984-жылдан бери иштейт. Европанын бир катар мамлекеттеринде көрсөтөт. Негизги артыкчылыгы корпорация бир тармакка арналган бир нече телеканалды өзүнө камтыйт.