Жаңылыктар
Көз дарыгерлеринин жыйынына 10 мамлекеттин көрүнүктүү окумуштуу илимпоздору катышты
Ден соолук
Көз дарыгерлеринин жыйынына 10 мамлекеттин көрүнүктүү окумуштуу илимпоздору катышты

Бишкекте офтальмологдордун эл аралык симпозиуму өтүүдө.

Үчүнчү ирет өтүп жаткан иш- чарага 10 мамлекеттин көрүнүктүү окумуштуу илимпоздору катышууда. Анда көз ооруларын жана көз травмасын алдын алууга багытталган чаралардын жүргүзүлүшү, көз ооруларын дарылоонун жаңы методдору,көздүн ички басымынын жогорулашы жана көрүүнүн начарлашы менен мүнөздөлгөн оорулар туурасында докладдар окулду. Акыркы убакта көз чечечекейи тунарган катаракта оорулары көбөйүп жаткандыктан, аны алдын алуу, айыктыруу жагына басым жасалышы керектиги айтылды. Жагымсыз бул оору менен мурда 60 жаштан өйдө курактагы улгайган адамдар ооруп келген болсо, азыр жаштар арасында да арбып жаткандыгы кейиштүү дешет.